Дүйнөнүн көптөгөн маданияттарында 8 саны кемчиликсиздиктин, тартиптин жана толуктуктун символу болуп саналат.
Бул жаңы мезгилдин, жаңы циклдин, жаңылануунун жана кайра жаралуунун башталышы.
Кемчиликсиз сүйүүнүн, молчулуктун жана гүлдөп өсүүнүн, ишенимдүүлүктүн символу.
Горизонталдык абалдагы сегиз саны чектүү деген түшүнүккө карама-каршы келген чексиздиктин белгисин түзөт. Сегиз — дүйнөнүн көптөгөн салттарында ыйык сан.
«Жаратман коом» долбоорунун логотибинин контекстиндеги сегиз саны Жаратман коомдун 8 негизин, гармония жана адилеттүүлүк дүйнөсү курулган ишенимдүү тирөөчтөрдү билдирет.
Үч бурчтуктун символу бир нече мааниге ээ, алардын ичинен негизгилери: жашоо, тоо, өйдөлүш, аманчылык.
Үч бурчтук жогорку күчтү камтыган дүйнөнүн дээрлик бардык диний салттарында негизги ролду ойнойт.
Үч бурчтук 3 санынын символикалык маанисин билдирет.
Жогору караган үч бурчтук — чындыктын, акылмандыктын, туруктуулуктун символу. Үч бурчтуктун символикасы Биримдик чекитине көтөрүлүү принцибине туура келет.
Жаратман коомдун контекстинде үч бурчтук жаңы баскычка көтөрүлүүнү, адамзаттын биригүүсүнүн гүлдөп-өсүүнүн, ар бир адамдын тынымсыз өнүгүүсүнүн, анын жашоосунун сапатынын жогорулашын билдирет.
Дүйнөлүк маданий салттарда айлана жашоону, толуктукту, биримдикти, эң жогорку жетилгендикти жана үзгүлтүксүз кыймылды камтыйт. Айлананын сызыгындагы бардык чекиттер эквиваленттүү.
Айлана эң маанилүү мифопоэтикалык символдордун бири катары, баарын билүү, көзгө көрүнбөгөн жаратуу принциби, биримдик жана бүтүндүк түшүнүктөрүн камтыган. Байыркы доорлордон бери айлананын символикалык мааниси күн, жарык жана асман менен байланышкан.
Сааттын жебеси боюнча кыймыл эволюциялык процессти, жаратуу жана өнүгүүнү, жашоону, жакшылыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү билдирет. Көркөм композицияда солдон оңго карай кыймыл келечекке болгон кыймылды билдирет.
Жаратман коомдун контекстинде жогору багытталган жебелүү айлана эркин адамдардын кемчиликсиз Идеал коомуна карай адамзаттын бирдиктүү өйдө карай кыймылын билдирет.