Logo Creative Society ЖАРАТМАН
КООМ
Кошулуу
24 июль 2021
/
72 тилге синхрондуу которуу
/
180 өлкө

Эл аралык онлайн конференция Глобалдык кризис.
Бул эми ар бирибизге тиешелүү

Заманбап цивилизация туруксуздуктун жана глобалдык кризистердин стадиясына өттү. Глобалдык финансылык-экономикалык, экологиялык, антропологиялык жана климаттык кризистер ар бир адам туш боло турган чындык. Бирок бул башталышы гана. Адамдар келе жаткан коркунучтарды толук түшүнүп жатабы? Жакынкы келечекте турмуштун бардык чөйрөсүндө түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр планетанын ар бир адамы үчүн качып кутулгус. Бирок бул өзгөрүүлөрдү дүйнөлүк коомчулук ага даярдыгын эсепке албаганда канчалык деңгээлде билет?
«Глобалдык кризис. Бул эми ар бирибизге тиешелүү» эл аралык онлайн конференциясы «АЛЛАТРА» эл аралык коомдук кыймылынын платформасында дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген ыктыярчылар тарабынан уюштурулган эң маанилүү иш-чара болуп саналат.
2021-жылдын 24-июлунда саат 21:00дө миңдеген эл аралык медиа каналдарда жана платформаларда дүйнөнүн 72 тилге синхрондуу которуу менен түз эфирде берилди.
Конференциянын максаты — ансыз деле бардыгына таасир эткен тездик менен курчуп бараткан дүйнөлүк кризистин тышкы жана ички факторлоруна ар тараптуу комплекстүү баяндама жасоо.
Конференциянын негизги темалары:
Санариптик трансформация, жасалма интеллектке негизделген жогорку технологияларды дүйнөлүк коомдун жашоосунун ар кандай чөйрөсүнө киргизүү: пайдалары жана тобокелдиктери.
Төртүнчү өнөр жай революциясы жана массалык жумушсуздук коркунучу.
Жумушсуз келечек: керектөө форматын сактоо менен дүйнөлүк экономиканын сөзсүз кыйроосунун себептери.
Коомдун бардык чөйрөлөрүнүн түп тамыры менен өзгөрүүсү
Калктын санынын өсүү көйгөйү
Планетанын ресурстарынын кескин түгөнүшү.
Климаттын глобалдуу өзгөрүшү.
Тышкы факторлорго көз каранды болгон геологиялык окуялардын циклдүүлүгү.
Жаратман коомду курууда ар бир адамдын маанилүүлүгү.
Адамзаттын аман калышы жана цивилизациянын кайра жаралышы.
Бул конференцияда азыркы кырдаалга терең үңүлгөн адамдар, дүйнөнүн төрт бурчунан келген ыктыярчылар, илимпоздор жана ар кайсы тармактын адистери менен бергеликте азыр ар кимди каптап жаткан ар кандай кризистердин жана жакындап келе жаткан глобалдык катастрофалардын себептерин аныкташты.
Акыркы жаңылыктар жана окуялар менен кабардар болуңуз
- 1 -
Жаратман коом YouTube каналына жазылыңыз жана «коңгуроону» басыңыз
- 2 -
Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз жана акыркы жаңылыктардан жана окуялардан кабардар болуңуз