Logo Creative Society ЖАРАТМАН
КООМ
Кошулуу

КООМ. АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК АДАМЗАТ ТАРЫХЫНДАГЫ УНИКАЛДУУ ВИДЕО-КОНФЕРЕНЦИЯ. БҮТКҮЛ ДҮЙНӨ АЙТКАН ЧЫНДЫК

2019-жылдын 11-майында «АЛЛАТРА» Эл аралык коомдук кыймылынын аянтчасында дүйнөлүк масштабдагы уникалдуу эл аралык — «КООМ. АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК» видео- конференциясы болуп өттү Бул маанилүү окуя Атланта шаарынын Джорджия штатында (АКШ) башталды.

«КООМ. АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК» — дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген адамдарды жандуу баарлашуу форматында бириктирген адамзаттын тарыхындагы биринчи глобалдык конференция. Адамдар планетанын ар кайсы бурчтарында көптөгөн конференц-залдарга чогулушту жана коомубузда болуп жаткан маанилүү жана актуалдуу маселелерди ачык жана чын талкуулоо үчүн интернет аркылуу бир эле учурда бири-бири менен байланышты.

Катышуучу өлкөлөрдүн тизмесинде АКШ, Украина, Орусия, Беларусия, Швейцария, Чехия, Испания, Словакия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Германия, Өзбекстан, Улуу Британия, Молдова, Италия, Латвия, Канада, Жаңы Зеландия жана башкалар болду. Адамдар улутуна, динине, кесибине, социалдык абалына карабастан тарыхта биринчи жолу биригип, бүткүл цивилизацияны кызыктырган чындыкты ачык айтышкан. Анда коюлган негизги суроо: «Кантип биз — адамзат катары коомдун өнүгүү векторун керектөөгө негизделген коомдон жаратман коомго өзгөртө алабыз?»

2019-жылдын 11-майындагы уникалдуу эл аралык конференциянын кыскача видеосу

Баяндамачылар тарабынан керектөөчү коом тууралуу эл-аралык коомчулуктун чыныгы сезимдерин билдирген сөздөр тактык жана тайманбастык менен айтылды: «Бул жерде эч ким эч кимди өлтүргүсү келбейт, эч ким агрессияны каалабай турганы көрүнүп турат. Биз баарыбыз бири-бирибиз менен тынчтык жана гармониялык мамиледе болууну каалайбыз. Анда эмне үчүн биз айланабызда душман бар деп ишенүүгө мажбурбуз жана эмне үчүн коркуу жана жек көрүү менен жашашыбыз керек? Эл нааразы болбойт. Бир капчыкты бөлүп, үстүбүздөн бийлик кыла албагандар нааразы болуп жатышат. Алар бөлө албай жаткан капчык биздики экенин эске албай эле коёлу.»

БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ ФОРМАТ ЖАНА КУРЧ МАСЕЛЕЛЕР

Чогулгандардын баары иш-чаранын чындап эле адаттан тыш жана болуп көрбөгөндөй форматта экенин белгилешти. Дээрлик бардык спикерлер өз орундарынан түз сүйлөп, иш-чаранын катышуучулары жана көптөгөн жамааттардан келген коноктор менен жана бүткүл дүйнө менен бир адамзат катары биримдикти көрсөтүштү. Ар бир баяндамачы миңдеген адамдардын пикирин билдирди жана ар бир катышуучу ар башка коомчулуктун өкүлү болду. Амфитеатрлардын жана конгресс борборлорунун эбегейсиз чоң экрандарынан баары бири-бирин көрө алышты. Планетанын ар кайсы бурчунан келген адамдар бири-биринин көзүн карап, ортомчуларсыз баарлаша алышты!

Ар кайсы жыйындар залдарынан келип түшкөн суроолорго коомчулук сезимтал жооп кайтарды. «Бул чындыгында бардыгынын жүрөгүн өйүп жүргөн нерсе болчу! Саясат тарабынан көрктөөсүз жана ММКнын сөз оюнусуз, акыры ачык чындык айтылганына кубанычтабыз. Бул биздин, элдин ынтымагыбыз бекем экенин, боорукердик ар кайсы өлкөлөрдө дагы деле бар экенин көрсөтүп турат!» — деп белгилешти чогулгандар.

«КООМ. АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК» КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА КОЗГОЛГОН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР:

Коомдун керектөөчү форматы кантип биздин цивилизациянын өнүгүүсүндөгү туюктук болуп калды? Өлкөлөргө жана элдерге зыян келтирбестен, эч кимге эч кандай материалдык зыян келтирбестен, Жаратман коомдун форматына тынчтык жолу менен өтүү үчүн баарыбыз чогуу эмне кыла алабыз?

Эгер дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адамдар биринчи кезекте баары бирдей — тынчтыкты жана бактылуу жашоону кааласа анда эмне үчүн XXI кылымда дагы деле бизде согуштар, эл аралык кагылышуулар, расалык жана диний дискриминация сыяктуу дүйнөлүк көйгөйлөр бар?

Жаратман коомду куруу үчүн маанилүү болгон маалымат эмне үчүн ММКлар тарабынан бурмаланып же жашырылып жатат? Жаратман коомдо ММКнын ролу кандай болушу керек? Эмне үчүн дүйнөдө диндер көп, бирок коомдо адамгерчилик жок? Мисалы, мусулмандар үчүн Ислам сүйүүнүн дини болуп саналса, эмне үчүн дүйнөдө Исламдын кадыр-баркы жоголуп баратат?

Адамзат үчүн «Кыямат сааты» деп аталган саатты ким жаратты, анын жебеси түн ортосуна эки мүнөт калганда жана аны дүйнөлүк маалымат каражаттарында эл аралык абалдын жана ядролук жарыша куралдануунун «чыңалуунун фактору» катары пропагандалаган ким? Эмне үчүн түн жарымы «апокалипсис жана адамзаттын толугу менен жок болушу» деп белгиленген?

Биз бардык ак ниет адамдарды кантип бириктире алабыз? Чыгуунун жолу бар! Биргеликте адамдардын колунан көп нерсе келет!

Бул G20 оюну эмес. Булар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген, чындыкты ачык айткан жана негизги приоритеттери Тынчтык, Абийир жана Гумандуулук болгон бир адамдык үй-бүлөдө жашоону каалаган эркин адамдар.

БҮТКҮЛ АДАМЗАТТЫ БИР ЖЫЛДА БИРИКТИРҮҮ

Бул масштабдуу иш-чарада спикерлер тарабынан бир жылдан кийин, май айынын экинчи ишембисинде баары биргеликте бүткүл дүйнөнү чогултуу үчүн, бардык өлкөлөрдөн өкүлдөрдү жана лидерлерди чакырып, мындан да чоңураак «КООМ. АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК 2020» #allatraunites аттуу эл аралык онлайн конференцияны уюштуруу сунушталды:

«Бүгүн май айынын экинчи ишембиси. Бир жылдын ичинде бүткүл дүйнө элдери менен бирге, биздин лидерлер, мамлекеттик кызматкерлер менен бирге бүткүл дүйнөлүк коомчулук болуп чогулалы. Жогорку кызматтагы чиновниктер карапайым элге түшүүдөн ээринсе, эч кандай көйгөй жок, алар кеңселериндеги ыңгайлуу отургучтарынан онлайн режиминде байланыша алышат. Бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көзүнө тике карап, монитор аркылуу деле карапайым жарандардын суроолоруна жооп бере алышат, анткени алар бүгүн президент, эртең карапайым эл болот. Келгиле, биздин лидерлер чындап эле бизди өлтүргүсү келеби же жокпу, билели. Бир нерсени сурагыбыз келет, алар бизди чындыгында эмне кылып жатышат — куткарып жатабы же коркутуп жатабы?»

Бул кийинки окуяны ишке ашыруу үчүн ар бирибиз көп нерсе кыла алабыз. Чыныгы адамдык баалуулуктарга умтулган ар бир адам жашагысы келген коомду түзүү үчүн, ар бир адам өзүнүн адамдык позициясын билдирип, жаңы жаратман коомдун түзүлүшүнө салым кошо алат, боло турган конференция тууралуу маалыматты мүмкүн болушунча көп адамдар менен бөлүшүү үчүн болгон күч-аракетин жумшай алат:

«Биз баарыбыз жакшы жана боорукер дүйнөдө жашагыбыз келет. Аны биз жаратпасак, анда ким жаратат?... Келгиле, иш-чара тууралуу маалыматты массалык маалымат каражаттарында жана бардык социалдык тармактарда бөлүшөлү, дүйнөлүк масштабда колдон келгендин баарын жасайлы. Бул биздин саатты алып салып түбөлүк бактылуу жашоого болгон акыркы мүмкүнчүлүк. Бирок биз биригүү үчүн бул мүмкүнчүлүктү колдонбоону чечсек, анда эмне үчүн акыркы эки мүнөттүн өтүшүн күтүшүбүз керек. Биз азыр эле сааттын жебелерин “Түн жарымы” белгисине жылдыра алабыз. Дүйнөнүн келечегинин кандай болуусу бизден көз каранды. Биз климаттын өзгөрүшүнө таасир эте албай турганыбызды түшүнөбүз, бирок биз адамдар, өзүбүздүн ортобуздагы мамилени өзгөртө алабыз. Андыктан келерки жылдын май айынын экинчи ишембисинде жолугуп, цивилизациябыздын жолун чогуу тандайлы!»

ДҮЙНӨЛҮК РЕЗОНАНС #CREATIVESOCIETY

Уникалдуу конференция «КООМ. АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК» бүткүл дүйнө боюнча чоң пикирге ээ болду. Иш-чара аяктады, бирок ар кайсы мамлекеттердеги адамдар тараган жок. Түн бир оокумга чейин талкуулар жүрүп, уккан-көргөндөрү тууралуу сын-пикирлер, сунуштар видеого тартылып жатты. Ар бир адам бул окуянын канчалык маанилүү экенин ачык-айкын белгилешти: акыры чындык бүт дүйнөгө жаңырды! Чогулгандар (коомдук ишмерлер, консулдар, ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, эмгек сиңирген ишмерлер жана бардык чакырылгандар) өздөрүнүн макулдук позициясын жана жана катышууга реалдуу даяр экендиктерин жана бул маалыматты кеңири жайылтууга жана «КООМ. АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК 2020» аттуу жаңы форматтагы глобалдык масштабдуу иш-чарага катышуу үчүн даярдык көрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ар бир адамдын жакынкы келечегине тиешелүү уникалдуу глобалдык демилгеге буруу үчүн иштелип чыккан #allatraunites хэштеги менен дүйнөлүк социалдык тармактар популярдуулукка ээ болууда! Бул идея дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген иш-чаранын катышуучуларын аракетке шыктандырды, анткени бул эл аралык демилге бүткүл адамзат үчүн азыркы кризистен жана туюктан чыгуунун реалдуу жолу болуп саналат! Азыр бизде универсалдуу, позитивдүү келечек биздин реалдуулукка айланышы үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга мүмкүнчүлүк бар!

Проект боюнча видео-ой пикирлер: