ЖАРАТМАН КООМ

Эл аралык долбоор

Адам өмүрү — эң жогорку баалуулук
#creativesociety
ЖАРАТМАН КООМ — бул ыктыярдуу негизде дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсүнүн адамдарын, бириктирген эл аралык долбоор. Долбоордун максаты — кыска мөөнөт ичинде, адамдын өмүрү жогорку баалуулук болуп саналган, мыйзамдуу жана тынчтык жолу менен жаңы жаратман коомдук форматына дүйнө жүзү боюнча өтүү.

Жаратман коом кантип пайда болгон?

Негизги приоритет адам өмүрүнүн баалуулугу болгон коомдун жаңы форматына кайрылуу дүйнөнүн бардык бурчунан миллиондогон адамдардан келип жатат. Муну 180 өлкөдө 10 жылдан ашык убакыттан бери волонтерлор жүргүзгөн тарыхтагы эң ири социалдык сурамжылоо көрсөттү.

Сурамжылоонун ар бир катышуучусуна бир эле суроо берилген: «Сиз кандай дүйнөдө жашагыңыз келет?» Элдин жоопторунун жыйынтыгы боюнча 8 Түркүк түзүлүп, жаңы форматтагы коомду түзүүгө фундамент жаралган, ал «Жаратман коом» деген наамга татыды. Аны ишке ашыруу үчүн бүгүнкү күндө дүйнөнүн төрт бурчунан элдер биригип, «Жаратман коом» аттуу долбоорунда иш алып барышууда.

«Жаратман коом» долбоорунун артында ким турат?

Биздин дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүнү каалаган жана аны мыйзамдуу жана тынчтык жолу менен кантип жасоону билген ар кандай маданияттардагы, улуттардагы, диндердеги жана ишенимдеги миллиондогон адамдар. Мындай адамдар күндөн күнгө көбөйүүдө.

Дүйнө жүзүнүн булуң-бурчтарынан келген адамдар мыйзам чегинде биригип, бир максатта — бүткүл адамзаттын жана келечек муундардын бейкут жана бакубат жашоосу үчүн, татыктуу шарттарды түзүүгө аракеттенип жатышат.

Жаратман коом долбоорун ким каржылайт?

All actions and activities within the framework of the Creative Society project are carried out solely by the project participants themselves, on their initiative, by their choice and willingness, and at the expense of their own funds.

The Creative Society project does not have bank accounts, finance or property, does not accumulate funds, and does not make any profit.

«Жаратман коом» — бул мыйзам чегинде иш алып барган, айрым мамлекеттердин, партиялардын же уюмдардын эмес, элдин өзүнүн гана кызыкчылыгын коргогон ыктыярдуу толук волонтердук долбоор.

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча бизге Жаратман Коом эмне үчүн керек?

Бизге дүйнө жүзү боюнча Жаратман Коом керек, анткени бир гана Жаратман Коомдо:

Бардык глобалдык кризистерден чыгуунун жолун, анын ичинде климатты камсыздайт;
Согушсуз, кагылышууларсыз, зордук-зомбулуксуз, жакырчылыксыз жана ачарчылыксыз келечекти камсыздайт;
Эң кыска мөөнөттө адамзатты эволюциялык өнүгүүнүн жаңы этабына тынчтык жана мыйзамдуу жол менен алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет;
Ар бир адамдын коопсуздугун, ден соолугун, бейпил жашоосун жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайт.

Бир эле өлкөдө Жаратман коомду же бир нече өлкөнүн альянсын куруу мүмкүнбү?

Бүгүнкү күндө дүйнө өлкөлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта жана бири-бирине көз каранды, ошондуктан бир мамлекетте, ал тургай бир нече өлкөнүн альянсында жаратман коомдук формат түзүүгө жарабайт.

Жаратман коомду бир эле учурда жер шарындагы бүткүл адамзат гана түзө алат. Дүйнөлүк референдумда оң чечим кабыл алынганга чейин, айрым мамлекеттер Жаратман коомго өтүү ниетин жарыя кыла алышат. Антпесе, жеке же топ болуп Жаратман коомго өз алдынча күч колдонуу менен өтүүгө аракет кылган болсо, мамлекеттин жана калктын коопсуздугу коркунучка кептелиши мүмкүн. Жаратман коомду колдобогон өлкөлөрдөн аялуу жана корголбогон болуп калышат.

Жаратман коомдун 8 негизи

«Жаратман Коомдун» 8 түркүктөрү — бул дүйнө жүзүндөгү адамдар каалаган нерсе. Бул дүйнөлүк референдумда элдин мыйзамдуу эрки менен дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун негизи боло турган Жаратман Коомдун алгачкы баалуулуктары.
1.Адам жашоосу

Адам өмүрү эң жогорку баалуулук. Ар бир адамдын өмүрү өзүнүн өмүрүндөй корголушу керек. Коомдун максаты — ар бир Адамдын жашоосунун баалуулугун камсыз кылуу жана кепилдөө. Адамдын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок жана болушу мүмкүн эмес. Бир адам баалуу болсо, анда бардык адамдар баалуу!

2.Адамдын эркиндиги

Ар бир адам төрөлгөндөн баштап Адам болуу укугуна ээ. Бардык адамдар эркин жана бирдей төрөлүшөт. Ар бир адам тандоого укуктуу. Жер бетинде эч ким жана эч нерсе Адамдан, анын эркиндигинен жана укуктарынан жогору боло албайт. Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек.

3.Адам коопсуздугу

Коомдо эч ким жана эч нерсе Адамдын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч келтирүүгө укугу жок!

Ар бир Адамга турмуш-тиричиликтин негизги керектөөлөрү, анын ичинде тамак-аш, турак-жай, медициналык жактан тейлөө, билим алуу жана толук социалдык камсыздоо кепилденет.

Коомдун илимий, өндүрүштүк жана технологиялык ишмердүүлүгү адамдын жашоосунун сапатын жакшыртууга гана багытталышы керек.

Кепилденген экономикалык туруктуулук: инфляциянын жана кризистин жоктугу, дүйнө жүзү боюнча туруктуу жана бирдей баа, бирдиктүү валюта, белгиленген минималдуу салык же анын такыр жоктугу.

Адамдын жана коомдун ар кандай коркунучтардан коопсуздугу бирдиктүү глобалдык өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматы тарабынан камсыз кылынат.

4.Баары үчүн маалыматтын айкындыгы жана ачыктыгы

Ар бир адам мамлекеттик каражаттардын кыймылы жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө так маалымат алууга укуктуу. Ар бир адам коомдун чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө маалыматка ээ.

Массалык маалымат каражаттары коомчулукка гана таандык жана маалыматты таза, ачык жана чынчыл чагылдырат.

5.Жаратмандык идеология

Идеология адамдык мыкты сапаттарды жайылтууга, Адамга каршы багытталган нерселердин бардыгын басууга багытталышы керек. Негизги приоритет — адамгерчиликтин, Адамдын бийик руханий-адептик умтулууларынын, адамкерчиликтин, абийирдүүлүктүн, бири-бирин сыйлоонун жана достукту чыңдоонун артыкчылыктары.

Баш тамга менен Адамды өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү, ар бир адамда жана коомдо адеп-ахлактык баалуулуктарды тарбиялоо.

Зордук-зомбулукту пропагандалоого тыюу салуу, ар кандай түрдөгү бөлүнүүнүн, агрессиянын, адамгерчилике каршы  көрүнүштөрүн айыптоо.

6.Инсандык өнүгүү

Жаратман коомдо ар бир адам ар тараптуу өнүгүүгө жана өзүн-өзү ишке ашырууга укуктуу.

Билим акысыз жана баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек. Адамдын өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн жана талантын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

7.Адилеттик жана Теңдик

Бардык жаратылыш ресурстары Адамга таандык жана бардык адамдар арасында адилеттүү бөлүштүрүлгөн. Ресурстарды монополиялаштырууга жана аларды ысраптуу пайдаланууга жол берилбейт. Бул ресурстар бүт жер шарынын тургундарынын ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлөт.

Адамдын каалоосу менен жумушка орношуу кепилденет. Бирдей кызматка, адистикке, кесипке акы төлөө дүйнө жүзү боюнча бирдей болушу керек.

Ар бир адам жеке менчикке жана коом тарабынан белгиленген жеке капиталдаштыруунун өлчөмүнүн чегинде киреше алууга укуктуу.

8.Өзүн-өзү башкаруу коому

Жаратман коомдо «бийлик» деген түшүнүк жок, анткени бүтүндөй коом, анын өнүгүшү, жашоо шарттары жана гармониялуу түзүлүшүнүн жоопкерчилиги ар бир Адамда.

Ар бир адам Жаратман коомдун иштерин башкарууга жана адамдын жашоосун жакшыртуу үчүн мыйзамдарды кабыл алууга катышууга укуктуу.

Адамдын жашоосунун сапатынын өзгөрүшүнө таасир этүүчү социалдык маанилүү, экономикалык маселелерди чечүү бүткүл элдик талкууга жана добуш берүүгө (референдумга) коюлат.

8 Негиз боюнча эскертүү
Жаратман коомдо жаңы экономикалык моделдин жана жаңы технологиялардын киргизилишине байланыштуу, акчаны колдонуунун зарылчылыгы болбойт. Демек, Жаратман коомдун 8 негизиндеги айрым акча мамилелердин жоболору, Жаратман коомго өтүү мезгилинде гана актуалдуу болот.

Жаратман коом планетадагы ар бир адамга эмне берет?

Коомдун Жаратман форматы ар бир адам үчүн зор перспективаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жаратман коомду толук ишке ашыруу үчүн жаңы экономикалык моделди, жаңы технологияларды киргизүү жана коомдогу көптөгөн процесстерди кайра уюштуруу зарыл. Демек, Жаратман коомго өткөөл мезгил керек, ал алдын ала эсептөөлөр боюнча 5-6 жылга созулушу мүмкүн. Ал эми Жаратман коомго өтүү мезгилинде ар бир адам туулган укугу боюнча төмөнкү жеңилдиктерди алат:
Ай сайын 10 000 долларга барабар шартсыз негизги базалык киреше (ар бир жашы жеткен киши үчүн);
Биринчи баланын төрөлүшү үчүн 100 000 доллар эквивалентинде бир жолку төлөм, ал эми экинчи балага — 200 000 доллар ж.б.у.с. 6 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр — 5000 доллар эквивалентинде, 7-18 жаштагы балдар үчүн — 7000 доллар эквивалентинде;
Бир адамга 60 чарчы метрден кем эмес жеке менчикте кенен жана жайлуу бекер турак жай;
Дүйнө жүзү боюнча бекер жогорку сапаттагы медицина;
Дүйнөнүн каалаган жеринде бекер жана сапаттуу билим алуу;
Күнүнө 4 саат, жумасына 4 күн иштөө, бирдей кызмат орду, адистик, кесип үчүн дүйнө жүзү боюнча бирдей жогорку айлык акы, жылына 2 жолудан кем эмес 30 календардык күн бою акы төлөнүүчү өргүү;
Согушсуз, чыр-чатаксыз, кылмышсыздык жана коррупция жок коопсуз дүйнө;
Кепилденген экономикалык туруктуулук: инфляциянын, дефолттун жана кризистин жоктугу, дүйнө жүзү боюнча туруктуу белгиленген баалар;
Жеке адамдар, чакан жана орто бизнес үчүн салыктар жок;
Жеке адамдар үчүн бардык коммуналдык кызматтар чектөөсүз жана акысыз (газ, электр энергиясы, суу, жылуулук ж.б.);
Кредиттер, анын ичинде ипотека боюнча бардык карыздарды эсептен чыгаруу;
Визасыз режим жана дүйнө жүзү боюнча эркин жүрүү;
Адамдын жашоосун жакшыртуучу эң алдыңкы технологияларды иштеп чыгуу жана алардын дүйнөнүн каалаган жеринде бардыгына жеткиликтүүлүгү.

Бул жеңилдиктер Жаратман коомдо планетадагы ар бир адамга кантип жеткиликтүү болот?

Жаратман коомдо планетадагы ар бир адам үчүн жашоонун жогорку деңгээлин камсыз кылат,анткени жаңы экономикалык модель, адамзаттын тарыхында теңдеши жок. Бул модель бүткүл дүйнө жүзүндөгү эксперттер тарабынан иштелип чыккан жана сунушталган, ал ишке ашырылган биринчи күндөн тартып биздин жашообузду өзгөртөт.
Бул тууралуу эл алдына тартууланып, эл аралык форумда болуп өткөн «Глобалдык кризис. Чыгуу бар» видеопрезентациясынан кеңири таанышып алса болот.

Жаратман коомдо адамга тубаса көп нерсе берилгенин эске алсак, анда адамдын өзүнөн эмне талап кылынат?

Жаратман коомдо адам көптөгөн артыкчылыктарды жана пайдаларды алат. Бул ар бир адамдын коомдук турмушта активдүү катышуусун — анын эмгегин, интеллектуалдык салымын, талантын талап кылат. Жаратман коомдо адам өзүн өнүктүрөт жана анын ажырагыс бөлүгү катары бүтүндөй коомго пайда алып келет.
Коомдун иштерин башкарууга, ошондой эле коомдун турмушунун маанилүү, орчундуу маселелери боюнча мыйзамды жана чечимдерди кабыл алууга жарандын активдүү жана жоопкерчиликтүү катышуусу зарыл. Себеби, Жаратман коом — бул бийлик эч кимге берилбей, элдин өзү тарабынан, башкача айтканда дүйнөдөгү ар бир адам тарабынан толук өзүн-өзү башкаруу аркылуу ишке ашырылуучу коомдук түзүлүштүн бирден-бир форматы: бирдиктүү глобалдык шайлоо платформасында жамааттык чечимдерди кабыл алуу.
Ошентип, Жаратман коомдо «элдин үстүнөн бийлик» деген түшүнүк болбойт, анткени бийлик чындыгында бардык адамдарга таандык болот. Глобалдык дагы, жергиликтүү дагы маселелерди эл өзү чогуу чечет.

Эмне үчүн жаратман коомдун форматын башка моделдер менен, башкача айтканда

буга чейин ишке ашырылган жана ал тургай болжол түрдө иштелип чыккан, бирок ишке ашырылбаган нерселер менен салыштырууга болбойт? Анткени коомду уюштуруунун бардык башка моделдеринде аздыктын көпчүлүккө болгон бийлиги дайыма жашыруун же ачык түрдө сакталып келген. Ал эми Жаратман коомдо эч ким бийликти же аны адамдардан тартып ала албайт, анткени өзүн-өзү башкаруу менен бийликтин функциясы бардык адамдарга бирдей бөлүштүрүлөт.

Жаратман коомдо өзүн-өзү башкаруу кандай иштээри тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Глобалдык кризис. Чыгуу бар» тартууланган видеосун көрүүгө болот.

Жакынкы жылдарда дүйнө жүзү боюнча Жаратман коомду кантип куруу керек?

Жаратман коомду түзүү үчүн эки баскычтан турган, так пландар бар. Жаратман коомду куруунун эки баскычы тең, эл аралык жана улуттук мыйзамдардын нормаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
1
Маалымат баскычы
Адамдар өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу менен башка адамдарга Жаратман коом жөнүндө маалымат беришет. Мына ушундай жол менен бүткүл дүйнөдө Жаратман коомду курууга коомдук суроо-талап мыйзамдуу жана тынчтык жол менен түзүлөт. Адамдардын көпчүлүгү бул өтүнүчтү канчалык тез түзсө, Жаратман Коомду куруунун кийинки баскычына ошончолук тезирээк өтүү мүмкүн болот.
2
Дүйнөлүк референдумду даярдоо жана өткөрүү этабы
Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө элдин көпчүлүгү Жаратман Коомду колдогондон кийин, бүткүл адамзаттын бирден-бир алгылыктуу жана адамзаттын жашоосу үчүн зарыл болгон жаратман өнүгүү моделин кабыл алуу боюнча дүйнөлүк референдум даярдалып, өткөрүлөт.
Дүйнөлүк референдумга даярдык көрүү процессинде аны өткөрүү үчүн зарыл болгон мыйзамдык жана техникалык база иштелип чыгат жана кабыл алынат.

Дүйнөлүк референдумга төмөнкү маселе коюлат:

Элдер бүт адамзаттын коомдун керектөөчү форматынан жаратман форматка өтүшүн жана бүткүл адамзаттын бирдиктүү цивилизацияга — Жаратман коомго биригүүсүн колдойбу?

Оң чечим төмөнкүнү билдирет:

дүйнөлүк Конституциянын негизги жоболору катары Жаратман коомдун 8 түркүгүн кабыл алуу;

жер жүзүндөгү эң жогорку бийлик органы катары бирдиктүү глобалдык шайлоо платформасын бекитүү;

Жаратман коомго өтүү мезгилинин башталышынын датасын белгилөө.

Дүйнөлүк референдумда оң чечим кабыл алынгандан кийин эл өз бийлигин түздөн-түз ишке ашыра баштайт, ал эми саясатчылар элдин эркин аткаруучуларга айланат. Башкача айтканда, мыйзамдарды кабыл алуу, бардык аткаруучуларды дайындоо, контролдоо жана аткаруучуларды кайра карап чыгуу, ошондой эле башка бардык социалдык маанилүү чечимдерди бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү шайлоо платформасында добуш берүү аркылуу эл өзү гана кабыл алат. Бул платформа мыйзамдык база болуп калат, башкача айтканда, адамзат жашаган жалпы милдеттүү эрежелердин бирден-бир булагы.

Жаратман коомдо жашоону эртерээк баштоо үчүн Сиз эмне кыла аласыз?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон иштеп жаткан адамдардын катарына кошулуңуз, жана мыйзамдуу түрдө чөйрөңүзгө, тааныштарыңызга жана бейтааныш адамдарга Жаратман коомдун форматы жөнүндө маалымат бериңиз. Бул аракеттер Жаратман коомду курууга кеңири коомдук суроо-талапты жаратуу үчүн зарыл. Ар бир адам үчүн татыктуу жашоо шарты мүмкүн экенин планетадагы адамдардын көпчүлүгү канчалык эрте билсе, дүйнөлүк референдум ошончолук эрте өткөрүлөт.

Эгерде дүйнөлүк референдумда элдин басымдуу бөлүгү коомдун форматын керектөөчүлүктөн жаратман форматына өзгөртүүнү чечсе, анда болжол менен 6 айдан кийин Жаратман коомго өтүү мезгили башталат, ал алдын ала эсептөөлөр боюнча 5-6 жылга созулушу мүмкүн. Ал аяктагандан кийин биз Жаратман коомдун жаңы дооруна кадам таштайбыз.

Айта кетчү нерсе, өткөөл мезгилдин биринчи күнүнөн тартып адамга көптөгөн жеңилдиктер жана артыкчылыктар жеткиликтүү болот: ар бир адам коопсуз, бакубат, туруктуу жана эркин жашоого ээ болот.

Кантип мүчө болуп катышса болот
«Жаратман коом» долбооруна?

Эгерде сиз Жаратман Коом жөнүндө маалымат менен бөлүшсөңүз, ал тургай, долбоордун бар экендиги жөнүндө маалымат берип турсаңыз, анда сиз анын катышуучусусуз. Долбоорду колдосоңуз, Жаратман Коом жөнүндө билдирүүнүн ар кандай ыкмаларын колдоно аласыз, аларды бул жерден тапсаңыз болот:

Жаратман коомдун логотиби бар макеттер:

Карап көрүү

Жаратман коом жөнүндө бардыгына тезирээк жана натыйжалуураак маалымат бергиң келеби?

Жашаган жериңизде иштеп жаткан Координациялык борборлорго (КБ) кошулуңуз, эгерде алар жок болсо, аларды өзүңүз түзө аласыз. Бул дагы эффективдүү маалымат берип, Жаратман коомду тезирээк курууга алып келет.
Сиздин Координациялык Борборуңуз — бул сиздин үйүңүздүн, көчөңүздүн, районуңуздун, шаардын тургундарына Жаратман коом жөнүндө маалымат берүү милдетин алган жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык ыктыярдуу негизде иш алып барган адамдар.
Эгерде сиз учурдагы КБго кошулууну кааласаңыз же КБ ачканыңыз тууралуу маалымат алгыңыз келсе, биз менен байланышыңыз: [email protected]

Саясатчылардын ролу
Жаратман коомду курууда

Саясатчылар, анын ичинде саясий партиялардын мүчөлөрү жана өлкөлөрдүн лидерлери өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнөн, ээлеген кызматтарынан, коомчулукта жана атак-даңктарынан улам Жаратман коом жөнүндө маалымат берүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Саясатчылардын маалымат берүүгө катышуусу Жаратман коомду куруу процессин бир кыйла тездетет.

«Жаратман Коом» долбоорунун катышуучулары Жаратман коом жөнүндө жигердүү маалымат бере турган саясатчыларды каалагандай мыйзамдуу түрдө колдой алышат.

Жаратман коомду колдогон, анын ичинде долбоордун волонтеру болгон, атүгүл бийликке жана көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон, ошондой эле мыйзамдарды, анын ичинде өлкөнүн Конституциясын өзгөртүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар саясатчылар, биринчи кезекте өз өлкөсүнүн территориялык бүтүндүгүн, суверенитетин жана таламдарын, өз элинин, ошондой эле партиянын талаптарын, эгерде алар андан шайланса коргоого милдеттүү экенин эске алуу керек.

Ошол эле учурда өз өлкөсүндөгү жана эл аралык аренадагы саясатчылар Жаратман коом жөнүндө бир гана мыйзамдуу ыкмалар менен маалымат берип, анын тез арада курулушуна салым кошо алышат. Өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө таянып, алар дагы мыйзамдын негизинде жана элдин колдоосу менен гана Жаратман коомдун айрым негиздерин Конституцияга киргизе алышат, бирок бул адамдарга, алардын укуктары менен эркиндиктерине зыян келтирбесе, коркунуч жаратпаса гана жана өлкөнү экономикалык, саясий, социалдык, маданий жана башка жактан алсыратпайт, анын саясий системасын талкалабайт, анын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн жоготпойт, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтпөйт жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.

Мындай эскертүүлөр дүйнөлүк референдумда коомдун креативдүү форматы кабыл алынганга чейин башка өлкөлөр менен абийирсиз, агрессивдүү, согушчандыкка негизделген керектөө форматынын шартында өз ара аракеттенүүнү улантып жаткандыгы менен байланыштуу, ал турсун Жаратман коомдун эң маанилүү болгон — адамдын өмүр баалуулугун чындап ишке ашырууну камсыз кыла албайт. Кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизип жатып, саясатчылар биринчи кезекте өз өлкөсүнүн жана анын жарандарынын бакубат жашоосу үчүн кам көрүшү керек.

Жаратман коомду колдогон адамдар өз кезегинде өз өлкөсүнүн мыйзамдарына баш ийип, саясатчылардан тигил же бул өлкөдө Жаратман коомдун артыкчылыктарын ишке ашырууну талап кылбашы керек, эгерде бул эл үчүн жана бүтүндөй өлкө үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. . Жаратман коомдун бардык негиздерин жана артыкчылыктарын толук ишке ашыруу аны куруу жөнүндө чечимди бүткүл дүйнөлүк референдумда кабыл алгандан кийин гана мүмкүн болот.

Жаратман коомдогу ар бир адам дагы кандай артыкчылыктарга, пайдаларга жана келечекке ээ болот?

Жаратман коом жөнүндө эң кеңири маалыматты дүйнөнүн 150 тилине которулган Эл аралык онлайн форумдардан биле аласыз:
Глобалдык кризис. Биздин куткаруубуз биримдикте | Эл аралык онлайн форум 12.11.2022
Глобалдык кризис. Чыгуунун жолу бар | Эл аралык онлайн форум 22.04.2023