4-декабрь, 2021-жыл, 15:00 GMT түз эфирде/
100 синхрондук котормо тилдери/
180 өлкө

Эл аралык онлайн конференцияГЛОБАЛДЫК КРИЗИС.
ЧЫНДЫКТЫН МЕЗГИЛИ

Эл аралык онлайн конференция «Глобалдык кризис. Чындыктын мезгили» — бул Жаратман коом платформасында дүйнөнүн 180 өлкөсүнөн чогулган ыктыярчылардын тарабынан уюштурулган масштабдуу иш-чара. Берүү дүйнө жүзү боюнча миңдеген медиа платформаларда өтөт.
Расмий трейлер
Расмий трейлер
Видео конференция
Видео конференция
Конференциянын максаты — адамзатка климаттык жана экологиялык кризистердин масштабы, жакындап келе жаткан коркунучтар жана андан чыгуунун реалдуу жолдору жөнүндө ачык жана туура маалымдоо.
Конференциянын негизги темалары:
Планетадагы реалдуу климаттык кырдаал кандай?
Эмне үчүн дүйнөлүк ММКлар коркунучтардын масштабы тууралуу унчукпайт?
Климаттын өзгөрүшүнө жол бербөө расмий максаты болгон эл аралык келишимдер бар экенине карабастан, эмне үчүн климат тез өзгөрүүдө?
Глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн чыныгы себеби эмнеде?
Кандай тобокелдиктерден жана глобалдык коркунучтардан элдин көңүлү алаксытылып жатат?
Адамдын ойлобой жасаган керектөө ишинин экологиялык кесепеттери эмнеге алып келди?
Эмне үчүн биздин планетанын экологиялык тең салмактуулугун Жаратман коомдо гана турукташтырууга болот?
Эмне үчүн Жаратман коом планеталык катаклизмдерден чыгуунун жалгыз жолу болуп саналат?

Акыркы конференциядан бери биз климаттын өзгөрүүсүнүн прогресси канчалык ылдамдагандыгын көрдүк. Күн сайын планетада кайра кайтарылгыс кесепеттер катталып турат.

Эмне үчүн биздин планетанын чыныгы абалы жөнүндө чындык тымызын?
Эмне үчүн климаттын өзгөрүшүнүн чыныгы себеби тууралуу чындык тымызын?
Биз өсүп жаткан көйгөйлөрдүн тамырына карап жатабызбы?
Биз болуп жаткан окуялардын чыныгы себептерин көрүп жатабызбы?

Конференцияга коомдук ишмерлер, изилдөөчүлөр, илимпоздор, ар кыл тармактын адистери катышып, климаттын начарлашынын жана экологиялык кризистин себептери боюнча өз ойлорун ортого салышат.

Биз жакындап келе жаткан кырсыкты биргелешип токтото алышыбыз үчүн адамзатты чыныгы көйгөйлөр жөнүндө эскертүүгө умтулабыз. Эч кандай чек ара, эч кандай дубал климаттын өзгөрүшүн токтото албайт.

Планеталык масштабдагы кырсыкты Жаратман коомду куруу менен гана токтотууга болот. Жаратман коом бизди аман алып калуу үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Ар бир адам адамзатка жакындап келе жаткан коркунучтун коңгуроосун угушу керек.
Ар бир адам жакындап келе жаткан кырсыктардын төгүндөлгүс фактыларын жана далилдерин көрүшү керек. Чындыктын убагы келип жетти!

Бул жыйында биз өз тагдырына, балдарынын, жакындарынын, жалпы адамзаттын тагдырына кайдыгер карабаган ар бир адамды күтөбүз! Бүгүнкү күндө адамзаты кантип аман кала тургандыгы жана планетабызды кантип сактап калуу жөнүндө маалыматтан маанилүүрөөк эч нерсе жок. Биз ыпластыктан коркпошубуз керек; биз аны ачыкка чыгарышыбыз керек. Чындык тазалайт. Чындык бириктирет! Чындык жашоого мүмкүнчүлүк берет!

Кошулуңуз 4-декабрда «ГЛОБАЛДЫК КРИЗИС ЧЫНДЫКТЫН МЕЗГИЛИ» онлайн конференциясына. Азыр адамдар канчалык тездик менен чындыкты угуп биригүүсү ар бирибизден көз каранды. Адамзаттын келечеги сиздин колуңузда!

Конференция ыры
Конференция ыры
КАДР АРТЫНДАГЫ БААТЫРЛАР | Биз «Глобалдык кризис. Чындыктын мезгили» конференциясына кантип даярдандык
КАДР АРТЫНДАГЫ БААТЫРЛАР | Биз «Глобалдык кризис. Чындыктын мезгили» конференциясына кантип даярдандык
ЖАРАТМАН КООМ
Биз менен байланышуу:
[email protected]
Азыр ар бир адам чындыгында көп нерсе жасай алат!
Келечек ар бир адамдын жеке тандоосунан көз каранды!