7-май, 2022-жыл
/
21:00 KGT
/
түз эфир
/
100 тилге синхрондуу которуу
/
180 өлкө

ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН ФОРУМ
ГЛОБАЛДЫК КРИЗИС.
БИЗ АДАМБЫЗ. БИЗ ЖАШАГЫБЫЗ КЕЛЕТ

Эл аралык онлайн форум «Глобалдык кризис. Биз адамбыз. Биз жашагыбыз келет» — бул Жаратман коом платформасында 180 өлкөдөн келген миллиондогон адамдардын көз карандысыз бирикмесинин негизинде уюштурулган масштабдуу жана болуп көрбөгөндөй иш-чара. Берүү дүйнө жүзү боюнча он миңдеген социалдык жана медиа платформаларда өтөт. Иш-чара ыктыярдуу негизде демилгеленип, өзүбүздүн күчүбүз жана ыктыярчылардын каражаты менен ишке ашырылган.
Расмий трейлер
Расмий трейлер
Форумдун видеосу
Форумдун видеосу
Адамзаттын акыркы согушу башталды
Бул жарыяланбаган согуш
Тарыхта биринчи жолу бүткүл адамзат жалпы тышкы душманга бет болду. Бул душман - климат . Планетардык коркунучтун алдында адамзаттын келечеги үчүн бардык адамдарды бириктирүү зарыл. Анткени биз адамбыз жана биз жашагыбыз келет.

Форумдун максаты

климаттык жана экологиялык кырсыктардын өсүп бараткан коркунучу тууралуу адамзатка туура жана объективдүү маалымат берүү
коомдун керектөө форматынын көптөгөн кризистеринин реалдуу масштабын чагылдыруу
Жаратман коомду куруу аркылуу бардык кризистерден чыгуу жолунун практикалык чечимдерин кароо
ФОРУМДУН НЕГИЗГИ ТЕМАЛАРЫ:
Климат. Бүткүл адамзаттын жалпы душманы
Климаттык катаклизмдердин рекорддук өсүү темпи.
Астрономиялык процесстердин жана алардын циклдүүлүгүнүн климатка тийгизген таасири
Климаттык катастрофалар күбөлөрдүн көзү менен
Качкындар. Эмне үчүн бул баарына тиешелүү?
Коомдо зордук-зомбулуктун күчөшү
Кулчулук жана адам сатуу
Планетанын өлүмүнө коркунуч катары өсүп жаткан катаклизмдердин алдында экологиялык кырдаалдын курчтугу
Планетада ачарчылык жана ичүүчү суунун жетишсиздиги коркунучу
Насыялык кулчулук. Көйгөйлөр жана чечимдер
Климаттын өзгөрүшү жана экологиялык шарттардын начарлашы адамдын ден соолугуна кандай таасир этет?
Адамдын ойлонбой керектеген иши кандай экологиялык кесепеттерге алып келди?
Куткаруу кызматтарынын глобалдык катаклизмдерге даяр эместиги
Эмне үчүн коомдун керектөөчү форматында инновациялык технологияларды бардык адамдардын жыргалчылыгы үчүн колдонуу мүмкүн эмес?
Адамзаттын бардык күчрөрүн тез арада мобилизациялоо жана бириктирүүнүн зарылдыгы
Жаратман коомду куруу аркылуу бардык кризистерди практикалык жол менен чечүү
Эгерде сиз жогоруда айтылган маселелердин биринин эксперти болсоңуз же керектөө форматынын мыкаачылыктары, адамдын кулчулугу, качкындардын көйгөйлөрү тууралуу иш жүзүндө билген адам болсоңуз же климаттык катаклизмдердин күбөсү болсоңуз, биз менен байланышыңыз.
ЧЫНДЫКТЫ СИЗ АЙТПАСАҢЫЗ, КИМ АЙТАТ!
Биз биргелешип адамзатты келе жаткан апаатты токтотуу үчүн чыныгы көйгөйлөр жөнүндө эскерте алабыз. Азыр убакыт мурдагыдан да баалуу. Баарыбыздын эртеңибиз болушу үчүн, бүгүн, азыртан аракет кылышыбыз керек.
Биз сизге кайрылып жатабыз! Эгер сиз адам болсоңуз, эгерде сиз баатыр болсоңуз жана бүткүл адамзаттын өмүрү үчүн аракет кылууга даяр болсоңуз, бардыгыбыздын жана планетабыздын аман калышы ар бирибизден көз каранды экенин бардыгына билдириңиз. Азыр алдыда тургандардын — баатырлардын катарында болуңуз! Бул биздин жалпы ишибиз! Биз бардык чынчыл жана камкор адамдарды бүгүн форумду даярдоого кошулууга чакырабыз.
7-май, 2022 -жылы — Эл аралык форум «Глобалдык кризис. Биз адамбыз. Биз жашагыбыз келет». 100 тилге синхрондуу которуу менен миңдеген каналдарда түз эфирде берүү.
Сиз менен, чындык жаңы күч менен угулат!
Эгер сиз чыныгы баатыр болсоңуз, анда сиз биз мененсиз!
Эл аралык форумга катышуу жана аны даярдоо үчүн төмөнкү дарекке жазыңыз:
[email protected]
Акыркы жаңылыктар жана окуялар менен кабардар болуңуз
- 1 -
Жаратман коом YouTube каналына жазылыңыз жана «коңгуроону» басыңыз
- 2 -
Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз жана акыркы жаңылыктардан жана окуялардан кабардар болуңуз
ЖАРАТМАН КООМ
Биз менен байланышуу:
[email protected]
Азыр ар бир адам чындыгында көп нерсе жасай алат!
Келечек ар бир адамдын жеке тандоосунан көз каранды!